Ош облусунун Өзгөн районунун Жазы айыл аймагынын Кара-Дыйкан айылынын тургундары менен жыйын өткөрүлдү

09 Июня 2018

Ош облусунун Өзгөн районунун Жазы айыл аймагынын Кара-Дыйкан айылынын тургундары менен жыйын өткөрүлдү

2018-жылдын 08-июнунда Жазы айылдык аймагынын  Кара-Дыйкан айылынын Маданият үйүндө Жергиликтүү жамааттын  уставын кабыл алуу  боюнча коомдук талкуу өттү.  Бул жыйынга   Кара-Дыйкан айылынан  60тан ашык жамаат мүчөлөрү  катышты.  Анын ичинен  31 %  аялдар болду, ошондой эле  ар улуттун өкүлдөрү катышты.   

Талкууда 

  • жайыт маселелер боюнча жайлоого малдарды айдоодо борбордук трасса менен эмес  айланма жолдор менен айдоону ,
  • таза  суу маселеси  өз алдынча  куурларды тешип  суу чыгарып огород сугарган жарандарга административтик  жазана салуу боюнча, 
  •  тазалыкты сактоо боюнча  жол боюна, агын сууларга  таштанды таштагандарга  административдик жазана салуу,
  • каада-салттардын  ашыкча чыгымдарына чек коюу боюнча  тажияларда эки койдон ашык сойбоо,  аялдарга жыртыш бербөө, кырктык  жетиликтерди өткөрбөө, себетти жок кылуу  ж.б 
  • кечкисин 20-00дөн кийин  спирт ичимдиктерин  саттырбоо,    сунуштар айтлып айыл аймагынын жергиликтүү жамааттардын уставына киргизүү сунушталды.