Достук кербени

22 Июня 2018

Достук кербени

Жашстан долбоору менен Жазы айыл аймагы биргеликте 22. 06. 2018-жылы саат 1000  дөн 1300 гө чейин Кызыл-Дыйкан айылындагы Ж. Абдрасулов атындагы №-1 орто мектебинин спорттук аянтында айыл аймыгынын жаштары арасында достукту чыңдоо, кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүн, улуттук кийимдерин, тамак-ашын, улуттук спорттук оюндарын, үрп адат-каада салттарын даңазалоо, кийинки муундарга жеткирүү максатында иш-чаралар өткөрүлдү.

Иш-чараны Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы Максатбек Ибраимов ачып келечек муундагы жаштарга каалоо тилектерин айтып мамлекетти башкарган, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө чоң-чоң салымдарын кошкон жаштардан болуусун каалады. Андан кийин долбоордун координатору Нургул эжеке, Ош облустук Жаштар, дене тарбия жана спорт комитетинин өкүлү Рыспаев Мамбет агайлар сөз сүйлөп жаштарга тилектерин айтып ушул долбоордон үйрөнгөндөрүн турмушта колдонуп кийинки жаштарга  үйрөтүп улап кетүүсүн айтышты.

Жашстан долбоору тарабынан 10 чатырлар тигилип ар бир чатырларга улуттук спорттук оюн-зооктордун, үрп адат, каада-салттардын, өзгөчөлөнгөн түрлөрү боюнча көргөзмөлөрү өткөрүлүп жалпы 250 адам катышып катышуучулардын 28 жашка чейинки жаштары-85%, ар түрдүү курактагы адамдардан-15% ды түздү. Долбоордун жыйынтыгында активдүү катышкан жаштарга Жашстан долбоорунун координатору тарабынан баалуу белектер жана Ардак Грамота ал эми өкмөт башчысына жаштарды колдогондугу үчүн Ыраазычылык барагын тапшырды