Ош облусунун Өзгөн районунун Жазы айыл аймагында 2019-жылдын бюджетинин долбоору боюнча коомдук угуу

13 Июля 2018

Ош облусунун Өзгөн районунун Жазы айыл аймагында 2019-жылдын бюджетинин долбоору боюнча коомдук угуу

2018-жылдын 13-июлунда Жазы айыл аймагында 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин

долбоору боюнча коомдук угуу болуп өттү.

  •  Жыйында  айыл өкмөттүн башчысы М.Ибраимов ачып жарандардын  жыйындарда, чогулуштарда коомдук угууларда өзүн кандай алып жүрүүнүн эрежелери менен тааныштырды, айыл өкмөтүнүн  эки  кызматкерине жергиликтүү  өзүн өзү  башкаруудагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги эске алынып сыйланган жооптуу катчы  Акжолова Минавар Жолдошовнага  “Кыргыз  Республикасынын  муниципалдык  кызматынын отличниги”  төш белгиси жана  кирешелер  боюнча  башкы  адис  Азимова Майликан Туратовнага  “Кыргыз Республикасынын  жергиликтүү өзүн өзү  башкаруунун  мыктысы төш белгилери” менен сыйланышты. 
  • Ал эми Финансы экономика бөлүмүнүн башчысы А. Сейдалиев  чыгып  2019-жылдын болжолдуу бюджетинин долбоору менен элге кененирээк  таныштырып маалымат берди.  Бюджеттин долбоору менен  таныштыруудан кийин  коомчулук  тарабынан талкуу жүрүп өздөрүнүн ой пикирлерин, сунуштарын  берип.  Коомчулуктан  67 жазуу түрүндө   сунуш түштү.  Ал эми  ооз эки  түрүндө 18 адам  сунуштарын айтып протоколго түшүрүлдү.  Алардын ичинен  көпчүлүгү таза суу менен камсыз кылуу, жаңы конуштарга электр мамычаларын койуу.Айыл арасындагы эскирген электр мамычалардын  ордуна жаңыларга алмаштыруу,  ички  жолдорго  шагыл төгүү,  айылдардагы борбордук  көчөлөргө  түнкү  жарыктарды орнотуу. ж№б сунуштар болду.