Ош облусунун Өзгөн районунун Жазы айыл аймагынын жергиликтүү жамааттардын уставын бекитүү жөнүндө

15 Августа 2018

Ош облусунун Өзгөн районунун  Жазы айыл аймагынын жергиликтүү жамааттардын уставын бекитүү жөнүндө

/upload/file/Dep1.JPG         http://Konok2    /upload/file/Abdka1.JPG 2018-жылдын 14-августунда Жазы айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 14 сессиясына айылдык кеңештин 21 депутатынан 18 депутат катышты  андан сырткары  ачык сессияга  "Элдин үнү"  долбоорунун өкүлдөрү,  Ош облусу боюнча пилоттук  айыл  аймактарынын  башчылары айылдык кеңештин төрагалары, Өзгөн районунун айыл аймактарынын өкмөт башчылары, жооптуу катчылары жана айылдык  кеңештин төрагалары жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү  айыл өкмөттүн аппарат кызматкерлери  катышты. 

          Сессияны айылдык кеңештин  төрагасы Ж. Акматов алып барды.

                                     Күн тартибинде

         1. Жазы айыл аймагынын  жергиликтүү жамаатынын Уставын  бекитүү  сунушталды.

            Жазы айыл аймагынын  жергиликтүү  жамаатынын Уставы боюнча  Жазы  айыл  аймагынын  өкмөт башчысы  М.Т. Ибраимов кыскача маалымат берип өттү.

           Кийинки сөзгө  Жазы айылдык кеңешинин депутаттык этика, регламент, мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо жана  дин иштери боюнча турукту  комиссиясынын  төрагасы  А. Акжолов  Жазы айыл аймагынын жергиликтүү жамааттынын  уставынын долбоорун карап чыккандан кийин  турукту комиссиясынын  корутундусу менен  тааныштырды.

         Жазы айылдык кеңештин   ачык  сессиясында  бул маселе  талкууланып, “Жазы  айыл  аймагынын  жергиликтүү  жамаатынын  Уставын”  бекитүү  жөнүндө кабыл  алышты.

          Жергиликтүү өкүлчүлүктүү  бийликтин алдын ала жасачу  иштери, маалыматтык өнөктүктү өткөрүү жөнүндө, ачык  сессияларды  өткөрүүнүн  башка өңүттөрү  тууралуу  тажырыйба  алмашуу  боюнча иш-чаранын  катышуучулары Жазы айылдык жеергиликтүү кеңешинин  сессиясынан  кийин пикир алышышты.  Тажырыйба алмашуу сапарынын  жүрүшүндө катышуучулар  ачык сессияларды  уюштуруу жана өткөрүүнүн жол-жоболорун  үйрөнүштү.  Тажырыйба алмашуу  сапары  Швейцария Өкмөтү  тарабынан Швейцариянын  өнүктүрүү жана кызматташтык  агентиги (SDC)  аркылуу каржыланган жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган  “Элдин үнүЖӨБ органдарынын  жоопкерчилиги; бюджеттик  процесс” долбоорунун  алкагында  уюштурулган. 

Долбоор жергиликтүү бюджеттеги  каражатты  башкарууда  ЖӨБ органдарынын  ачыктыгын жана эффективдүүлүгүн  жогорулатууга  жергиликтүү деңгээлдеги бюджеттик процесске  калкты  тартууга , калк  менен  ЖӨБ  органдары  ортосундагы  диологду  түзүүгө, ЖӨБ  органдары  чечим  кабыл алынганда  калтын керектөөлөрүн  эсепке алуусуна  көмөк көрсөтүү  максатын көздөйт.

“Элдин үнү” жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги; бюджеттик процесс  долбоорунун  адистери  иш чаранын максаттары менен милдеттери  айылдык кеңештин ачык сессиясы; процедуралар  жана  практика, административдик укук бузуулар  боюнча  айыл өкмөтүнүн комиссиясынын  иш аракеттерин  уюштуруу тартиби  тууралуу, административдик комиссиянын  иш аракеттерин жакшыртуу  жагдайында  кеңештерин сунуштарын, 2018-жылы  кичи гранттар  программасын  турмушка ашырууда  актуалду маселелер боюнча  айтып беришти.

Ал эми Баткен областынын  Ак-Сай  айыл аймагынын  айыл өкмөт  башчысы  жана адиси  өздөр.  эмгектенген  жергиликтүү  өз  алдынча башкаруу органынын  административдик комиссиясынын  иш  тажырыйбасы менен  бөлүшүштү.  Жогорудагы  айтылып кеткен  ар бир тема тууралуу  суроо-жооптор, талкуу  пикир алмашуулар болду.

Соңунда  “Жазы айылдык кеңешинин  жергиликтүү  жамаатынын  уставын кароо жана бектүү  боюнча  ачык сессиясы”  боюнча  тажырыйба  алмашуу  жогорку деңгээлде  өткөндүгү  катышуучуулар тарабынан басса  белгиленди.