Жазы айылдык аймагы Латвиянын Рауна муниципалитети менен достошту

11 Октября 2018

Жазы айылдык аймагы Латвиянын Рауна муниципалитети менен достошту

 

 Ош облусундагы Жазы айылдык өкмөтүнүн башчысы  Ибрагимов Максатбек ,  Рауна элеттик муниципалитети менен,   кызматташтык тууралуу протоколдорго кол коюшту. Латвиядагы өз алдынча башкаруулар жергиликтүү ишкерчиликти өнүктүрүү чөйрөсүндө мол тажрыйбага ээ. Мисалы, Аматада 3000 тургунга 700 иштеген ишкана туура келет. Туризм жана кайра иштетүүчү өнөр жай жигердүү өнүгүп, жумушсуздук Латвия үчүн рекорддук төмөн көрсөткүчтө турат. Бизнести өнүктүрүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары олуттуу роль ойношот, алар инфраструктура, туристтер үчүн шарттарды түзүп, продукцияны сатууда бизнеске маркетинг менен жардам беришет.

Кызматташтык тууралуу макулдашуунун максаты - социалдык-экономикалык өнүгүүдө жана жаратылыш чөйрөсүн сактоодо тажрыйба алмашууну уюштуруу. Коомдук транспортту, туризмди, сооданы, коомдук тамактанууну өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу пландалып жатат.

Кызматташтык тууралуу протоколдорго 3-октябрда Цесис сепилинде кол коюлду.

Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын ЖӨБ органдары жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү Латвиянын премьер-министри менен жолугушуп, Финансы министрлиги жана Парламенттик комиссия менен талкууларды өткөрүштү.

Бул жолку сапарга барган делегациянын курамында Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзунун жетекчилери, ЖӨБ органдарынын жетекчилери, КР Өкмөт аппаратынын, КР Президенттик аппараттын, КР Жогорку Кеңешинин, КР Финансы министрлигинин өкүлдөрү болду.

Press-release_DPI_Latvia_Trip_Oct2018_KYR