Жазы айыл өкмөтүнүн ЖашСтан долбоору менен өнөктөштүгү

30 Октября 2018

Жазы айыл өкмөтүнүн ЖашСтан долбоору менен өнөктөштүгү

Кыргызстанда ынтымакты, тынчтыкты бекемдөөгө жана жарандарды ийгиликтүү болууга чакырган "Жашстан" долбоору 2017-жылы апрель айында өз ишин баштаган. Аталган долбоор Эл аралык Search for сommon ground уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан ишке ашырылган.

Жазы айыл аймагында бул долбоордун алкагында бир катар иш-чаралар болуп өткөн. Айта кетсек, 2018-жылдын 22-июнунда Кызыл-Дыйкан айылындагы Ж. Абдрасулов атындагы №1 орто мектебинин спорттук аянтында айыл аймыгынын жаштары арасында достукту чыңдоо, кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүн, улуттук кийимдерин, тамак-ашын, улуттук спорттук оюндарын, үрп адат-каада салттарын даңазалоо, кийинки муундарга жеткирүү максатында атайын иш-чара уюштурулган. Бул иш-чарага аймактын 250дөй өкүлү катышып, анын жүрүшүндө 10 чатыр тигилип, алардын ар бирине улуттук спорттук оюн-зооктордун, үрп адат, каада-салттардын, өзгөчөлөнгөн түрлөрү боюнча көргөзмөлөр уюштурулган.

Кошумча маалымат: http://jazy-aimak.kg/ky/news/full/52.html