Жазы аймагынын 2019-2020-ж.ж. карата Биргелешкен аракеттер планы талкууланды

06 Июня 2019

Жазы аймагынын 2019-2020-ж.ж. карата Биргелешкен аракеттер планы талкууланды

Бүгүн, 6-июнь күнү, Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жазы айылдык аймагында жергиликтүү мааниге ээ болгон иш-чара болуп өтүүдө.

Иш-чара Жазы айылдык аймактын 2019-2020-жылдарга карата түзүлгөн Биргелешкен аракеттер планын (БАП) жергиликтүү тургундар менен талкуулоого арналган. 

БАП Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы Максатбек Ибраимов тарабынан тартууланган соң, иш-чарага катышып жаткан тургундарга өз пикирлерин айтууга жана сунуштарын киргизүүгө мүмкүнчүлүк берилди.

Жазы айылдык аймагы "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" долбоорунун (www.vap.kg) максаттуу өнөктөшү болуп 2017-жылдын жаз мезгилинен тарта кызматташып келе жатат. Долбоор Швейцария өкмөтү тарабынан Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту (www.dpi.kg) тарабынан аткарылат.