23-май "Энелер күнү" Жазы айыл аймагында

24 Мая 2019

23-май "Энелер күнү" Жазы айыл аймагында

"Энелер күнүн белгилөө" жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 23-апрелиндеги ПЖ №93 "Кыргыз Республикасынын Энелер күнүн белгилөө" жарлыгына ылайык Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 15-майында №156-б буйругун жетекчиликке жана аткарууга алып Жазы айыл өкмөтү 2019-жылдын 23-май күнү Кара-Дыйкан маданият үйүнө баатыр энелер, коомдук иштерге активдүү катышкан, жалгыз бой жана аярлуу катмардагы энелерден жалпы 300 эне 4 айылдан чакырылып, аларга Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ибраимов куттуктоо сөз сүйлөп апалар менен сыймыктанаарын айтып, каалоо тилектерин билдирди.

Энелер күнүн белгилеп өткөрүүгө айыл өкмөтү тарабынан 45 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилген.

Иш чарага ылайык биринчи бөлүмүндө Кара-Дыйкан айылынан "Шайыр апалар" аттуу энелерден түзүлгөн тобу жана жаш кыз-келиндерден түзүлгөн "Кызгалдактар" тобунун ыр-бий концерттик программасы берилди.

Экинчи бөлүгүндө райондук аялдар кенешинин төрайымы Мурзубраимова Ибадат, айыл өкмөтүнүн, ар бир айылдардын аялдар кенешинин төраймдары айыл аймагындагы жалпы аял затын,энелерди куттуктап майрамдык каалоо тилектерин билдирди, андан соң Ш.Абдуллаева балдар бакчасынын ортоңку тайпасынын "Жеткинчек" тобунун ыр бийлерин апаларга майрамдык маанай тартуулашты.