Жазы аймагындагы жаштардын жаны ийгилиги!

23 Января 2020

Жазы аймагындагы жаштардын жаны ийгилиги!

Өзгөн районунун 2005 – 2006 жылы туулган жаш өспүрүмдөрдүн  арасында  өткөрүлгөн  Футбол Чемпионаты 2019 – жылдын 26 – майынан 06 – октябрына чейинки аралыкта болуп өтүп   Кара – Дыйкан  Футбол  командасы жеңичүү табылып  I – орунду ээледи.  Футбол команданын жеңиши жаштарыбыздын талыкпас  эмгек аракети жана тарбиячысы Амантай у Жаңылыктын спортчуларын мыкты даярдыкта тактикалык ыкмаларды колдонуу менен бир күч аракетте оюн алып баруу методикасын оюнчуларына мыкты синирип тарбиялагандын үзүрү болду . Бул жеңишке салым кошкон мектеп жамааты жана Жазы айыл өкмөт башчысы М.Т.Ибраимов көмөк көрсөтүү максатында  спорттук шаймандарын алып берүүгө  өкмөт бюджетинен 7500 сом акча каражытын бөлүп берди. Жаштарыбыздын жаны ийгилиги жана  жеңиши менен Өзгөн районунун аками Б.Алайчиев куттуктап I – даражадагы диплом менен сыйлады, Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т.Ибраимов өз куттуктоо сөзүндө команда жана тарбиячысына  дагы да чон ийгиликтерди багынтышын каалоо менен мындан ары да колдоо көрсөтөрүн билдирди.