Жазы аймагында Коронавирус ( COVID – 19) илдетине каршы биргелешкен иш чаралар

06 Апреля 2020

 Жазы аймагында Коронавирус ( COVID – 19) илдетине каршы биргелешкен иш чаралар

2020-жылдын 22-мартынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагына "Өзгөчө кырдаал" киргизилгендигине байланыштуу Коронавирус  (COVID – 19) инфекциясы Жазы айыл аймагында да бир катар иш аракеттер жасалды. 

Эң биринчи кезекте аталган илдеттин пайда болуу коркунучун алдын алуу жана санитардык–эпидемиологиялык дурус абалын камсыздоо максатында Жазы айыл өкмөтү тарабынан Өзгөн – Кызыл-Тоо трассасынын Жээренчи айылынын участогунда санитардык пост уюштурулду. Мындан сырткары, Кара-Дыйкан жана Кызыл-Дыйкан айылдарынын жаштарынан демилгелүү топ түзүлүп, айылдарга кирчү чакан көчөлөргө тосмолор коюлуп, негизги кирип-чыкчу көчөгө санитардык посттор уюштурулду.  

Жазы айыл өкмөтүнүн аймагы боюнча түзүлгөн ыкчам топ штаб укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен биргеликте  Жээренчи айылындагы санитардык постто  сапар жумуштары  менен  жүргөн тургундарга, эл ташуу кызматын көрсөткөн таксист айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп  зарылсыз жүргөндөрдү  артка кайтарууда. Өзгөчө кырдаалдын талаптарын так  аткаруу менен үй-бүлө мүчөлөрү менен үйдө болууну жана ар кандай эл топтолчу (чогулуш, жыйын, тажия, кырк, жылдык ж.б) жерлерге баруудан карманып турууну эскертип жатышат, башка аймактардын жарандарын келүү себеп максаттарына карай текшерүүгө алып, автоунааларын дезинфекциялап, санитардык – гигиеналык эрежелерди так сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Айыл жаштарынан түзүлгөн демилгелүү топторго санитардык – гигиеналык эрежелерди  жана санитардык посттордо туруучуларга жол эрежелерин, техникалык коопсуздугун сактоо боюнча инструктаж өтүлүп, айылдарда уюштурулган постторго кезек менен жоопкерчиликтүү туруу айыл өкмөт башчы тарабынан милдеттендирилди.