Айыл аймакты дезинфекциялоо иштери

08 Апреля 2020

Айыл аймакты дезинфекциялоо иштери

Жазы айыл өкмөтү айыл аймагындагы мекеме-уюмдарды, социалдык обьектилерди жана айылдардын ички көчөлөрүн  COVID - 19  илдетин жайылуусун алдын алуу боюнча (дезинфекция) залалсыздандыруу иштерин жүргүзүүдө.  

Залалсыздандыруу иштерине Жазы айыл өкмөтү тарабынан жергиликтүү бюджеттен 200 л суюк гипохлорид, 2000 даана беткап жана 50 л антисептикалык каражаттар менен камсыздалды. 

Мектеп, бала-бакча, айыл өкмөтүнүн имаратынын ичин СЭС (санэпидемстанциянын) кызматкерлеринин көмөктөшүсү менен жана ӨКМ өрт өчүүрү кызматынын атайын унаасы менен Жээренчи, Кара-Дыйкан, Кызыл-Дыйкан жана Жазы айылдарынын ички көчөлөрүнө дезинфекция иштери жүргүзүлдү.

Айылдарда уюштурулган санитардык посттор дезинфекциялоого жана өздүк санитардык  – гигиеналык талаптарды сактоого беткап, медициналык колкап, антисептикалык каражаттар менен күн сайын камсыз болууда.